Көлгө чөкпөгөн аргымак
Мындан бир кылым илгери Сары-Челектин Кылаа көлүнүн жээгиндеги жайыкта саруу уруусунун бийи Кулмырза ары жагы Талас менен Токтогул, бери жагы Чаткал менен Ала-Буканын бийлерин улакчылары менен кошо чакырып, чоң той өткөрөт. Ал тойдо бешкаман уругунан чыккан Атамырза аттуу улакчы катышкан эсте каларлык оюн болгон. Бул оюнга бешкамандын жигиттери менен төрт дубандан келген улакчылар оюн көрсөтүшөт. Ошондо эр азаматтардын ортосунда абдан кызыктуу таймаш жүргөн. Кээде улакты коноктордон куралган улакчылар бешкамандардын уруу башчыларынын алдына таштаса, кээде бешкамандар коноктордун менсинген бийлеринин алдына таштап жатышты.Эреже боюнча топтун мүчөсү каршылаш оюнчусунун уруу башчысынын алдына улакты таштаса, ал адам жылкыдан баштап торпок, кой, козуга чейин энчи берген. Ошентип эки уруунун мыкчыгерлерги оюнчулар таштаган улакка маашыр. Мындай жерде өздөрүнүн колу ачыктыгын көрсөтүп калуу да абдан маанилүү. Эл оозуна алынат, бий шайлоодо утушка да ээ болот. Жок эле дегенде баланча бий оюнчуларга кыл куйрук бериптир, же мынча туяк айдатыптыр деген айтымга ээ болуу үчүн берешендигин көрсөтүшөт. Колго тийген улакты эч кимге бербей, улам бийлердин алдына алып барып таштап жаткан Атамырзага ачууланган каршы топ, бир заматта бириге калышып, баш ийкешип шыбыраша калышты. Көрсө алар бу кутурган бешкаманды Кылаага такап барып улакты колунан эңип албасак, бизге берчүдөй эмес дешкен тура. Заматта топтолуп келип, Атамырзаны Кылаанын камыштуу жээгине сүрүп барышты. Атамырза оюндун кызуусу менен көл тарапка ыктап калганын байкайбай калыптыр. Бир убакта караса эле астында Кылаа көлү, артында улакчылар кууп, сүрөп алышкан. Артка жол жок. Ошондо каршысындагы улакчы:-Эми каякка качар экенсиң? Колго тийбей буйтайсың ээ?-деди. Анда Атамырза:- Силердин бул кычамдыгыңарга баш ийип, улакты кармата берер мен эмес! – деп тиштенет да, күтүүсүздөн минген аты, өңөргөн улагы менен сууга боюн таштап жиберет. Уруунун намысы өз өмүрүнөн да бийик туруп, каны дүргүп алган Атамырза көлгө курулдап түшүп кетти. Мындай болорун ойлобогон улакчылар шашып калышты. Артынан ким барып суудан куткармак?.. Даап эч кимиси бара албады. Акылга сыйбас бүтүм чыгып кетерин күтпөгөн мырзалар дендароо. Ар биринин башында “Ойлонбой иш кылдык, намысыбызды өзүбүз тебеледик. Эки элдин ынтымагына доо кетирдикпи?..” деген ой. Ошондо оюнга маашыр болуп, тамаша кылып карап турган элди бул көрүнүш чочутту. Азыр эле ызы-чуу, кыраан каткыга баткандардын ооздорунан келмеси түшүп, бир саамга селейди. Кылаа Сары-Челек көлүнүн жанында жайгашкан, айланасын камыш баскан, бир караган адамга сүрдүү, саздак көл. Ал жакка анча-мынча мал түшсө, сазга тыгылып, араң чыгарып алышчу. Эки уруунун башчылары ордуларынан тура калышты. Бешкамандын бектери камчыларын кезеп, кычамдык кылган улакчыларга чала-чарпыт обдула кетишти. А келген меймандардын бийлери күнөөлүү баштарын жерге салаңдатат. Айрымдары жанындагысына:-Эми мындай мыкты баатырга баш берип кутулбасак, эки уруунун эли чабышып кетишет го?- деп шыбыраганга үлгүрдү. Атамырзаны жакындан билген туугандарында бир аз үмүт бар. Анткени анын сууда мыкты сүзгөнүн билишчү. Ошондуктан суудан чыгар деп күтүп турушту. Чындыгында ошондой болду. Бир убакта көлдүн аркы бетинен сороктогон караан көрүндү. Жабыла карап турган эл көлдүн тиги тарабына колдорун серепчилеп чурулдайт. Чын эле ал Атамырза экен... Болгондо да атын минген калыбында, улагын такымына кыпчып, жээкке чыгып баратат. Ошондо эл:- Оо, касиеттүү Камбар атанын тукуму, адамдан өткөн эстүү тура! Ээсин өлүмдөн сактап калыптыр, - деп таңданат. Элдин аттуусу ат менен, жөөсү жөө жалаңдап, Атамырзага чаап, көлдүн жээгинде аты бир жерде, улагы бир жерде, өзү бир жерде чарчап, отурган баатырды тегеректешти. Аңгыча бешкамандардын аксакалы:- Сага жараткан өзү жар болду. Кайра жаралдың, мындан кийинки турмуштун оор сыноолорун кабагым кашым дебей көтөрө турган баатыр болдуң. Атагың кылымдарга тарасын, бешкамандардын намыска кандай бекем экенин айтып, аңыз кылсын, суктансын! Урпактарың жолуңду уласын, оомийин!-деди. Жардап турган эл жапырт алакан тартышты. Атамырза эсине келип, мына буларды айтып, элдин оозун дагы бир жолу ачырды:- Бешкамандарга намыс алып келейин деп, болгон күчүмдү жумшап ойноп жаттым.
Смотрите также
