G
enby!

“Снос” өнөктүгү: үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат? | "Эксперттер талдайт"

Өткөн аптада Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушуна жакын жерде мыйзамсыз турак-жай жана башка имараттарды түртүрүлө баштады. Калаа мэриясы бул имараттар мыйзамсыз курулганын билдирип, борбордогу башка тиешелүү уруксатсыз салынган имараттар тартипке келтирилерин жар салды. Бирок Көк-Жардагы 172-контурда үй-жай салган жарандар мэриянын бул аракетине нааразы болуп, президентке чейин кайрылууда. Кыргызстанда соңку учурда эң көп колдонулган терминдердин бирине айланган снос өнөктүгүнүн Бишкектеги жүрүшү, Көк-Жардагы 172-контурдун тагдыры тууралуу “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Бүгүнкү талкууга Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, активист, жер мунапасы боюнча жумушчу топтун мүчөсү Мирбек Осмонов катышат. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также