“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу | "Эксперттер талдайт"
Кыргызстанда “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды жапырт бузуу кампаниясы кызуу жүрүп, Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарлардан тарта айылдарга чейин жетип барды. Бийлик өкүлдөрү ушундай жол менен шаар, район борборлорун, айылдарды иретке келтиргиси келет. Ошол эле маалда “снос” деп аталган бул жараянын юридикалдык жагы боюнча кызуу талкуулар жүрүп, жеке менчикке болгон укук бузулуп жатканы парламентте да көтөрүлдү. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жүздөгөн жарандын дубалы, үйү бузулуусуна негиз болгон “снос” же бузуу өнөктүгүнүн күңгөй-тескейи боюнча талкуу кылабыз. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринин депутаттары Бекболот Арзибаев, Улукбек Карыбек уулу жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков катышат. #Ош #Бишкек _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus