G
enby!

Жеке менчиктин кол тийбестиги коркунучтабы? | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары инвестициялык климат, менчик укугу тепселенип жатканын айтып чыгышты. Мындай билдирүү өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ири ишкерлердин мүлктөрү мамлекетке өткөн учурга туш келди. Ал тапта менчиктин кол тийбестигин камсыздоо максатында жыйырмадан ашуун депутат “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууда жактырылды.Бул арада өкмөт дагы өлкөгө кирип жаткан чет элдик инвестиция эки эсе азайып кеткенин моюндап жатат. Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртып, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыздоо үчүн эмнелерди кылуу керек? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууладык. #инвестиция #эксперттерталдайт #менчикукугу _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также