Тигүү цех: кийинки деңгээл | Сүймөнкул Жолдубаев | Тикме Маек | 7-чыгарылыш
Tikme Маекте тигүү тармагында 18 жылдан ашык тажрыйбасы бар Сүймөнкул Жолдубаев жаш ишкерлер менен ачык диалог курууда. Биз каталардан алынган сабактарды, ийгиликтерди жана дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө болгон көз караштарды биргеликте талкууладык. Бул чыгарылышта бизнес гана эмес, адамдык баалуулуктар, команданын ролу жана заманбап чакырыктар тууралуу да терең ойлор айтылды. Жүрөккө жеткен учурлар жана күлкүгө бөлөнгөн эсте каларлык тарыхтар да болду. 🎧 Подкастта кийинки маселелер болду: — Аялдардын кор болгонуна күйүп, эркек катары үн кошуу — «Чыбыр» сумка кантип жаралып, трендге айланды? — Команда эмне үчүн бизнес ийгилигинин өзөгү? — Жумушчуну кармап калуу үчүн эмне кылуу керек? — Мотивация, максат жана ички ишеним — кайдан башталат? — Бренддер, базарлар, жаңы жолдор — Зара же Юникло? — Ишкананын өсүшү командадан көз каранды экенин кантип түшүнөбүз? — Бири-бирибизге ишенип, кантип чоң ийгиликке жетебиз? 🟠 Спикерлер: 🔸 Сүймөнкул Жолдубаев — “Кул Брос” негиздөөчүсү, Tikme коомчулугунун лидери 🔸 Марат Султанов — “Кул Брос” жетекчиси 🔸 Шер Бакасов — “Куул Групп” жана “Toolor” брендинин негиздөөчүсү Бул эпизод — жүрөктөн чыккан сөздөр, ак ниет ойлор жана чоң өзгөрүүлөрдү баштай турган дем. Угуңуз, ой жүгүртүңүз, жана аракетке өтүңүз! Кийинки деңгээлге чыккыңыз келсе — биз менен болуңуз! https://www.instagram.com/tikme.kg?ig...
Башкы демөөрчүбүз - Optima Bank https://www.optimabank.kg/index.php?l...
Расмий өнөктөшүбүз - Toolor https://toolorkg.com/
___________________ 00:00 Анонс 00:57 Саламдашуу 02:23 Эркек болуп жардам бере албай калганыма капа болгом 8:00 Азыркы тигүү тармагы - чаар сумкалар салган жол 9:50 Азыркы жыргал учурду туура пайдаланалы 13:35 Оптима Банк 14:34 Замандын өзгөрүүсүнө тигүүчүлөр даярбы? 17:37 Мода кайдан келген? 18:25 Команданы кантип чогултуш керек? 22:21 Адамдардын характерлери: арстан, маймыл, пил, кумурска 24:53 Жумушчуну кантип иштетүү керек? 28:35 Командага төлөйм деп, минуска кетсемчи? 30:39 Команда максаты бар жакта түзүлөт 33:30 Сингапур кыялдан башталган 35:09 Ичтеги жүргөн адамдардан команда издейли 37:36 2 тигүүчү, 1 технолог, 1 кройщик - бул өзү команда 39:14 Пряник, кола менен лента кесип иш баштаганбыз 40:29 Кыргызстандан бир бренддер чыгып, экспорт өссө 41:36 Бизге Зара келген 43:59 Аң-сезимди сыртка чыгып керек өзгөртүш керек 46:39 Uniqlo-нун жолу 48:17 Эмнеге башка базар издебейбиз? 49:53 Билимдүү жаштарды жаңы мүмкүнчүлүк алып келишет 50:43 Иштин негиздөөчүсү ар-дайым сыртта жүрүш керек 53:03 Команда оспөйүн, компания өспөйт 54:02 Жумушчулардан көп идея чыгат 55:36 Чечимди өз жетекчилерине бериш керек 58:27 Toolor 59:01 Ишкана команданын деңгээлинен өсүп кетпейт 1:00:22 Ишкананы чоңойтконго каражатты каяктан тапса болот? 1:02:51 Биригип иштегендин пайдасы 1:04:22 Биригүү исламдан келген 1:06:58 Партнер менен иштөө 1:09:06 Кандай партнер болуш керек? 1:09:53 Партнердон коркпош керек 1:11:45 Кыргызстандын тигүү фабрикасынын масштабы кандай? 1:15:05 Zara, Uniqlo-нун мастабдары 1:18:07 Арзан жана көп деген бизнес-модель иштебейт 1:20:48 Азыркы замандагы бизнестин багыты кандай? 1:21:12 Талаш: келечек кайсы бизнес-модельде? 1:27:10 Тик-топ шоп чыгып калса кентебиз? 1:29:27 Саламдашуу #швея #podcast #подкаст #кыргызстан #швейныйбизнес #бизнес #тикме