G
enby!

Ийгиликтүү БАЛДАРДЫ кантип тарбиялайбыз? / Азим Азимов / Акча

Бул чыгарылыш балам ийгиликтүү, келечекте акчаны туура колдоно билген ата-энелерге арналат себеби бул программмада балдарыбызга финансылык тарбия берүү жөнүндө кененирээк сүйлөшөбүз. Анткени акчаны туура колдонуу жана башкаруу жөндөмдөрү дал балалыкта эле калыптанат. Бул жолу конокко адис же эксперт эмес, жөн гана ата-эне — тактап айтканда, кызы Алишага финансылык тарбия берип, өзү да финансы боюнча билим алып жүргөн атасы Азим Азимовду чакырдык. Программаны көрүп жатып башка ата-эненин тажрыйбасын билип гана тим болбой, өзүбүз да көп нерсени үйрөнөбүз деп ишенебиз. Бул чыгарылыш пайдалуу болуп, практикада колдонууга ылайыктуу маалыматтарды берет деп чоң үмүттөбүз. 📍Азим мырзанын инстаграмм баракчасы:   / azim_azimov   Азим Мырза сунуштаган китептердин тизмеги. Кээ бир китептердин тилекке каршы котормосу азырынча жок экен. 1. «Как воспитать успешного человека». Автор Эстер Войджицки 2. «Не упускайте своих детей». Автор Гордон Ньюфелд, Габор Матэ 3. «Я научу тебя быть богатым». Автор Рамит Сети 4. «The opposite of spoiled». Автор Ron Lieber 5. «Raising financially fit kids». Автор Joline Godfrey 00:00 Интро 00:36 Бүгүнкү конок ким? 01:32 Мен жөнөкөй эле үй-бүлөдөнмүн 08:32 Бала канча жаштан тартып финансылык тарбия бере башташ керек? 13:25 Балага үйрөткөнчө өзүң үйрөнүшүң керек 15:08 Бизди эмне бактылуу кылганын түшүнүшүбүз керек! 18:48 Финансылык тарбия берүүдө кайсы китептер пайдалуу болот? 21:16 Финансылык тарбия берүүдө алгачкы кадамдар кайсылар? 26:59 Акча жөнүндө сүйлөшкөндөн коркобуз 32:30 Той кылыш керек деген адатым жок 34:52 Кызымдын акча менен дени сак мамилеси бар 38:01 «Карманный акча» канча беребиз? 41:32 Балдар катаны жасайт, урушуш керекпи? 47:07 Үй жумуштары үчүн балдарга төлөш керекпи? 53:07 Балага эмне үчүн акча төлөш керек? 58:16 Дүкөнгө баруу тартиби 01:05:34 Ойлонбой сатып алган адаттан арылыш керек 01:09:56 Акчаң жок болсо сарптап жашаш керек деген туурабы? 01:13:15 Үй-бүлөдө ата кызга ишенимдүүлүк бериши керек? 01:16:46 «Кызымды үйрөтүп жатып өзүм көп нерсени үйрөндүм» 01:19:27 Балдарга чектөө коюу керекпи? 01:24:46 Балага үйдү даяр кылып бериши керекпи? 01:29:03 Алдыдагы пландар тууралуу 01:31:30 Кыздары бар аталарга кеңеш 🎬 Подкаст тартам десеңиз төмөнкү номерге кайрылсаңыз болот: +996 556 711 111 Кызматташуу үчүн: 📝akcha2024@gmail.com Продвижение YouTube-каналов под ключ: 🔋   / kochmon.production   #акча #финансы #атаэне

Смотрите также