Доктурлар алдап, жазып бере берет экен… | Доктор Турабеков | Накта Подкаст
#нактаподкаст #денсоолук #дарыгер ► ELITE HOUSE - Ишеним курабыз: https://elitehouse.kg
► MUBARAK - Алгачкы халал чайкана тармагы: https://www.instagram.com/mubarak_cha...
——————————————————————————— ► Бул чыгарылышта биздин студиянын мейманы — тажрыйбалуу дарыгер, коомдук ишмер жана медициналык мифтерге каршы күрөшүп келе жаткан Бекжан Турабеков болду. Бул подкаст — жөн гана маек эмес. Бул — элдин ден соолугуна байланыштуу эң маанилүү суроолорго жооп издеген, чындык менен мифти айырмалаган терең жана олуттуу диалог. Биз коомдо кеңири тараган түшүнүктөрдү талдадык: – Эмне үчүн эл медицинадан алданып жатат? – Кыргызстанда дары-дармек системасы канчалык көзөмөлдө? – Айрым дарыгерлердин ишмердүүлүгү фармкомпаниялардын кызыкчылыгына кызмат кылып жатабы? – Аутизм тууралуу эң көп тараган түшүнүксүз ойлор жана анын дарылануусу – Элдик ыкмалар: койдун майы, лимондуу суу, детокс, “бутуңду жылуу карма” деген сыяктуу мифтер канчалык кооптуу? – Эмдөө, коронавирус, уйкусуздук, тукумсуздук, иммунитет — илим эмне дейт? – Жашаган чөйрө, тамактануу, стресс жана эмоциянын ден соолукка реалдуу таасири Бекжан мырза ар бир суроого медициналык фактылар менен негизделген, түшүнүктүү жана так жооп берди. Бул эпизод — туура жашоо образын тандаган, ден соолугун ойлогон жана мифтерден арылгысы келген ар бир адам үчүн маанилүү чыгарылыш. Толук көрүңүз — анткени саламаттык жалган эмес, жоопкерчилик менен башталат. ——————————————————————————— ► Биздин социалдык тармактар: • instagram (Нурсейит): / nurseiit_anarkulov • instagram (Накта Подкаст): / nakta_podcast • Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
• Apple Podcasts: https://podcasts.apple.com/kg/podcast...
• Spotify Podcasts: https://open.spotify.com/show/6IsZpyd...
——————————————————————————— ► Подкасттын үстүндө иштегендер: Автор: Анаркулов Нурсейит Кадр сыртындагы үн: Кычык Оператор: Бошкоев Алихан Үн режиссеру: Сыдык уулу Кайрат Монтаждоочу жана дизайнер: Бактыбеков Аскат ——————————————————————————— 0:00 Башталышы 2:55 Эл эмнеге медицинадан алданып жатышат? 6:02 Кыргызстанда текшерилбеген дары-дармектер сатылып жатабы? 7:25 Азыркы дарыгерлер фармкомпаниялардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, акча таап жатышабы? 11:07 Жашаган үйүң ден соолукка таасир береби? 12:44 Мусулман дарыгердин айырмасы кандай? 16:52 Аутизм — бул оорубу? 27:51 Аутизмди дарылоочу борборлор карапайым элге ылайыктуубу? 29:34 Эл акча арзан болсо, барктабай калабы? 32:18 Адамдар ден соолугуна жоопкерсиз мамиле кылып жатышабы? 34:52 Адам дени сак болушу үчүн кандай кадамдар керек? 40:03 Күндөлүк тамактарды кантип пайдалуу кылабыз? 45:27 Адамдар ден соолукка ашыкча көңүл буруп, алданып жатышабы? 51:02 Стресс — ракка алып барат… 52:25 Эмоционалдык интеллекти кантип күчөтөбүз? 55:33 Дем салуу же медицина? 58:50 Коронавирус колдон жасалган нерсеби? 1:05:35 Уйкусуздуктун негизги факторлору 1:11:21 Тукумсуздук — азыркы замандын көйгөйү 1:13:01 Койдун майы менен арак бүт ооруларга даарыбы? 1:14:21 Күн сайын 2 литр суу ичиш керекпи? 1:15:07 Үшүсөң ооруйсуң 1:15:44 С витамини тууралуу 1:15:52 Бел ооруса, түз жерге жат 1:16:24 Иммунитетти дары менен көтөрүүгө болбойт 1:17:06 Детокс зыянбы? 1:19:02 Парацетамол менен Ибуфенди иче берсе болобу? 1:19:19 “Бутуңду жылуу карма — оорубайсың” деген миф 1:20:21 Кайнаган сүт тамак ооруга жакшы 1:20:54 Сүттөн алынган кальций эң мыктыбы? 1:21:03 Анализ жакшы чыкса, ден соолугуң жакшы дегенди билдирбейт 1:22:08 Тишти дарылатмайынча, бет түзөлбөйт 1:23:12 Ракты элдик медицина менен дарылоого болобу? 1:24:50 Ооруганда арча түтөтсө, оору күчөйт 1:25:13 Баланы калың кийинтпөө керек 1:25:30 Келиндер кош бойлуу кезде каалаган нерсесин алып берүү шартпы? 1:27:03 Күйгөн жерди май менен сүйкөбө 1:29:43 Телефонду көп көрсөң, көрүүң бузулат 1:31:01 Эмдөө алуу туурабы же туура эмеспи? 1:33:19 Муздак суу жашоону узартабы? 1:34:12 Интервал менен ачка жүрүү эң жаман нерсеби? 1:35:06 Озонотерапия, плазма — өлүмүңдү эрте камсыздайт 1:35:42 Эртең менен лимондуу суу ичиш керекпи? 1:35:54 Кофе рак ооруларынын алдын алабы? 1:38:04 Кандай тамактануу ден соолукка пайдалуу? 1:38:40 Күнүнө 8 саат уктоо шарт 1:39:16 Оорулардын 4 фазасы 1:40:12 NAKTA подкасттын катталуучуларына акысыз консультация 1:42:39 Акыркы суроолор 1:44:12 Жыйынтыктоо