G
enby!

Монолог / Нурсара Чолпонбай кызы / Мар Байжиев "Кыз-күйөө" лирикалык драмасынан - Гүлсүн

Мар Байжиев “Кыз күйөө” (лирикалык драма) Гүлсүн Азыр мен сени көрүп, биздин канторага үй-мүлкүн бөлүштүргөндөрдү элестеттим. Бул көбүнчө оту күйүшпөй ажырашкан эрди-катын. Алар бир кезде сүйүнүп-күйүнүп жүрүп кошулган, балалуу-чакалуу болуп, чогуу жашап, кайгы-капаны, жыргал-майрамдарды чогуу өткөрүп жашаган. Эми болсо экөөнүн ортосундагы болгон жарык күндөрү, кыялдуу түндөрү,назик мамилени, кайрылбас жашчылыгын унутуп коюп ажырашып, бири-бирин жамандап, чүпүрөк талашып, стол шкафтарды бөлүштүрүп кужулдашат, көздөрүндө бири-бирин жек көрүүдөн башка, дүнүйөкордуктан башка эч нерсе жок. Алардын мурдагы турмушунда дүнүйө-мүлк жыйнагандан эч бир максат, жыргал болгон эместей көрүнөт. Эми ошол таап-ташыганын сотсуз бөлүшө албай, талашып-тартышат. Мындайды күнүгө көрө берип өзүң да түңүлөсүң. Ар кимдин турмушу акыры ушинтип аяктайт өңдөнөт. Ошондуктан мен турмушка чыкпай жалгыз жашап өтөйүн дегем. Бирок күтүлбөгөн жерден тагдырыма сен аралаштың. Сен мага дос, жолдош, жөлөк болчудай сезилдиң, мен болсом жүрөгүмдүн жалынын сага берип, өзүмдү бүт бойдон сенин бактыңа, балдарыңа, алдыга койгон кыял-максатыңа жумшайын дедим. Ооба, кээ бир кыздар турмушка чыгууну жөнөкөй гана үй-бүлө куруу деп ойлошот, бирок мен үчүн турмуш куруунун негизи бул чоң сүйүү, күйөө болгон адам ‒ бул кыйышпас дос, түбөлүк шерик, дүйнөдөгү эң жакны адам... Мен сени менен узак да, мазмундуу да өмүр сүргүм келди, анан картайып о дүйнөгө кеткенде уул-кыз, небере-чөбөрөбүз экөөбүздүн күмбөзүбүзгө келишип, бир кучак кызыл гүл таштап кетсе деп кыялдангам. Сен да мени чындап сүйөт деп ойлогом... Көрсө, мен кургур жаңылыптырмын. Сен мени эч качан сүйгөн эмессиң. Сен ойлонуп-ойлонуп отуруп, бул мага ылайыктуу аял болот деген муздак логикага келгенсиң. Өкүнгөнүм, сен баягыда таңга жуук келип тереземди черткен түн. Ошондо сен сүйгөнүмө качан жетем деп уктабай таңдын атарын күтүп жатып, тоолордун чокуларына биринчи көк шоола тиери менен мени көздөй чуркаган экен деп ойлогом. Көрсө, сен ошондо бул кызды алсамбы, албасамбы деп арсарып, өз оюң менен өзүң алышып жаткан экенсиң да. Баса, эми эстебедимби, ошондо сен келип, мен башымды көкүрөгүңө койгондо негедир жүрөгүң дикилдебей жайбаракат согуп турган. Сүйгөнүнө чуркап келген адамдын жүрөгү ошондой болобу? Сен менин сүйүүмдү, тагдырымды, бардыгын өзүңдүн карьераңа жумшайын дегенсиң... Ал эми оорукчан аял анчалык кызмат кылып бере албайт. Ошондуктан сен мени заматта садага чаап, сатып кеттиң. А эгер мен эмес, сен ооруп калсаң мен кантээр элем, билесиңби? Анда мен сенин ар бир мүнөт өмүрүң үчүн кара-жанымды карч уруп күрөшмөкмүн. Ал эми сен... (Ыйлап жибере жаздап, өзүн-өзү кармайт) Сен мени тынч жаткан жеримен ойготуп, жүрөгүмдү козгодуң, бакты-таалай саматып, кыялдантып, сүйүүнүн ширин даамын таттырдың, ээликтирип көгөргөн асманга, жылдыздарды көздөй алып учтуң, анан мен жамандыктан шек албай, махабат кумарына эргип, каалгып баратканда калдайган канаттарымды куйкалап жиберип, өзүмдү дүмүрөйтүп, күп эттирип чаң жерге таштадың... ... Бирок мен сага баары бир рахмат айтам. Анткени сен мага эң сонун кубаныч тартууладың, аны менден эч ким тартып ала албайт. Коркпой эле кой! Мен эч кимге барып даттанбайм. Жаша, иште, максатыңа жет, балдарды окут, симфония жаз. А жанагы телефондон айтылган сөз болсо ‒ ушак. Мен эч качан ооруган эмесмин, дени-кардым соо. Бир гана жолу кичинекей кезимде колуман анализ алса, негедир ал кургак учуктун реакциясын бериптир. Эжем коркуп, жыл сайын мени диспансерге алпарып анализимди текшертип жүрдү. Телефон чалган ошону билгендердин бирөө болушу керек. Мен сага жакшылык каалайм, өзүңө ылайыктуу ден-соолугу мыкты кызга үйлөн. Кош бол! #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также