G
enby!

Монолог / Дастан Касымбеков / Уильям Шекспир “Ричард III” (трагедия) ‒ Ричард

Уильям Шекспир “Ричард III” (трагедия) Ричард Башыбызга даӊк гүлүнөн таажы кийип, Ташталды жапыртылган курал-жарак. Кан майдан алмашылып шат күлкүгө, Назик ыр керней үнүн басып барат. Жалгыз гана менде жок, шапар тээп, Сүйүүнүн кучагына тартылуу. Иреӊим суук, кайдан мага буюрсун, Кол жетпеген махабаттын лебизи. Жаралгандан, келбет, бойдун баарынан Мен, кур жалак калыптырмын негизи. Кыйшык бүтүп, ай күнүмө жетпестен Ыргытылган, аксак арам, азезил болуп жаралдым. Андыктан ант кылам Кыянат иш кылмакка жанды сабап. Күбүр-шыбыр ушактын жардамы менен Мастардын сөзү аркылуу келжиреген Король менен Кларенстин ортосуна, Өлгүдөй кастык отун жактым белем! Азыр төшөктөгү корольго барамын да, Жалаанын өртүн жагып, Кларенсти ушул түндөн чыккыс кылып салайын. Андан соӊ кудурети күчтүү кудайым. Ала берсин король ‒ Эдуарддын жанын! Анан, теӊирим, мага баарын берип, Катындыкка Уориктин кызын аламын. Өзүм болом атасы да, эри да, Бирок, муну сүйүү дебеш керек, Мындай үйлөнүш, мага көп жардамын берет. Тигинде королева Анна келатат, Анан да амалын жабайын. Сенин күйөөӊ мен колдуу болгон эмес, Ал Эдуарддын колунан каза тапкан. Жазыгы жок мага артышмакчы болгон жалааны, Бирөө бар, артык сүйө турган өзүӊдү, Ал мына ‒ менмин! Сени сүйөм, чынында сүйөм! Аяганды билбей турган жүрөгүӊ, Кечиргиси келбесе, анда, кылычымды алып, Дал толтого сайып сал, Акыр башка бир өлүм. Генрихти, мен өлтүргөм, Ага сенин сулуулугуӊ күнөөлүү. Периштем, мобул шакегимди кабыл ал. Азгырылды, аял деген аял да! Ким ушундай жага билген аялга? Мунун атасын да, күйөөсүн да өлтүргөн менмин. Кырчын өмүрлөрүн кыйган мага, Эми катындыкка көӊүлдөнүп турганын кара, Мендей аксак жексурга. Көрсө, мен деле аялдар үчүн керек экенмин да. Зулумдукту өзүм иштеп... Кыйкырып, тилим чыгып күчүмө, Жалаа жапкам жүргөндөрдүн бирине. Эгер Эдуарддын кызын катындыкка албаганда, Кыйрап жаткан куу баштардын үстүндө турган тагым Небакта кулап кетмек. Анан дагы эки инимди өлтүрүп, Өз карындашымды катындыкка алгам. Кан деген кекиртектен болду го, жашоо Көрсө бир күнөөгө, экинчиси жалгаш болот окшобойбу. Оо кудай, өзүӊ сактай көр. Менмин ‒ Ричард. Качсамбы? Кимден? Өзүмдөн качамбы? Же, кек алгандан коркуп жатамбы? Бирок, мен өзүмдү сүйөм да! Жок, жок!!! Мен, өзүмдү-өзүм жек көргөн жанмын, Жырткычмын мен. Ар кимиси жырткычсыӊ деп аташат, Антты буздум, киши өлтүрдүм Шумдуктуу жол менен нечен ирет. “Айыптуу бул, айыптуу!” ‒ деп баарысы кыйкырат, Демек, мен өзүмдү-өзүм аяганга акым да, дарманым да жок! Колумдан өлгөндөрдүн арбактары кыйкырып аян беришти. Мен өлсөм, анда, алардын Табасынын канганы. Жок!.. Жок!.. Жок! Жүкүн Иманкуловдун котормосунда #дикция #проза #поэзия #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также