G
enby!

Монолог / Ырыскелди Жакыпбеков / Уильям Шекспир "Падыша Лир" (трагедия) - Лир

Уильям Шекспир “Падыша Лир” («Король Лир») (трагедия) Лир О, кудай, мен мынакей! Алсыз кедей, жашым өтүп, кайгы чегип, Бүкүрөйүп бүткөн жанмын. Бирок, мени келеке кылбай, Кайрат берип, каарымды күчөт. Жо-ок! Кан соргуч желмогуздар, Үчөөң тең эми угуп койгун! Мен силерден өч алам. Ооба, сөзсүз өч аламын. Ыйлаш үчүн себебим көп, Бирок, ошондо да эч ыйлабайм. Көз жашты төгүүдөн көрө, Жүрөгүмдү кескилеп тынам... Соккун, шамал, аябай сок! Куюн кутур, бороон боздоп, Эч аяба! Сок да сок! Ызгаар күчөп, бетти үшүт, Жамгыр көшөр, шаркырап ак, Чиркөө жана бийик үйлөр, Суу астында басылып кал! Даракты чарт-чурт талкалаган Чагылгандын оту тийсин, Сакалымды өрттөп өтүп, Карыган башты куйкалап сал! Күн күркүрөп, көктү жаргын, Бүт ааламга бүлүк салгын, Ырайымсыз тукумду кыр, Изин жогот, күлүн сапыр! Бүт дүйнөнү сел каптап, Жер бетинин кейпин кетир! ‒ Булар менин кызым эмес. Мен буларды таш боор атайм, Эч бирине айып койбойм... Анткени мен өлкөнү бүт Силерге бөлүп берген жокмун. Менин кыздарым экениӊер чынбы деги?.. А сени баарынан акылдуу… Калган өмүрүмдүн баарын Сенин колуӊдан өткөрөм деп… Жаӊылыпмын, жаӊылыпмын, көрсө… Падышалык баркыма ишенип алып, Кыздарым бар деп алданып жүргөн турбаймынбы. Жок, жок! Ишенбейм. Алар ушуну кантип кылсын?.. Алардын ушуга дити кантип барды?.. Өз кыздарым мага кыянат кылды! Ушундай түндө кууп чыгышты! О, Жараткан, ук кебимди. Эгер сен, булар өӊдүү Курган курттарды кыз деп берсеӊ, Ал өкүмүӊ текке кетсин! Кандары какшып, жатыны куруп, Жаш баланы көрбөй өтсүн! Эгер тагдыр баланы берсе, Анысы жалаӊ азап болсун! Көздөрүнө бырыш эрте каптап, Көз жаштары жаактарын тешип көгөрсүн. Силерди кара жер сорсун! Жоголгула! Көзүмө көрүнбөй жоголгула! Касымбек Эшмамбетовдун котормосунда #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также