G
enby!

Калыкова Бүбүсара -Аруужан Бейиш кушунун көз жашы 1- китеп 7- бөлүм

Бизди утурлап чыккан киши чай коюп кайра келди. Жамбаштаган абалда жаткан кишилер да буттарын жыя, мандаш токунуп отура кетишти. Чай кайнаганча биздин жайыбызды сурап билгиси келген киши жайлана отурду да бизди тиктеп “сүйлөй бергиле?” дегенсип карап калды. Шермат атам арабча жазып берген катты колуна карматты. Киши катты көңүл коё окуп чыккандан кийин баштагы калыбынын теңирден тескерисине айланып кетти. Ордунан туруп ийиле салам айтып кайра амандашты. Жайды билбегени үчүн кечирим сурап жатты. Атамдын кадыры ушунчалык деп ойлобогон жаным бир аз апкаарый түштүм.

Смотрите также