G
enby!

Калыкова Бүбүсара - Аруужан Бейиш кушунун көз жашы 1- китеп 8- бөлүм

Үй чакан жана тыкан экен. Ортосу очоккана, эки жагы жашап туруучу каналар. Чоңдугу бирдей. Жаңы жабуусу бар бешик дагы турат. Кандай үйгө келдим деп таң калып да, коркуп да, чоочуркап да турдум. Азанчы киши бир аялды ээрчитип келип, айылдагы кыйыр тууганы экенин айта тааныштырып койду. Ошону менен азанчы киши милдетим бүттү дегендей мотоциклге отуруп, зуулдата айдатып кетип калды. Жөн-жайымды учкай уккан бул боорукер пенде жасаган мамилеге ичим жылыды, бир чети таң калып, бир чети ыраазы болдум. Жада калса атын да айтпастан зуу кооюп узап кетти.

Смотрите также