G
enby!

Жолду жонуп жеп жатышабы? Новопавловканын эли тар салынып жаткан көчөнүн курулушна нааразы

Бишкектеги Новопавловка айылынын Алтын – Ордо конушунун жашоочулары нааразычылыгын билдирип чыгышты. Айтымдарында Гоголя көчөсүнүн салынышы баштапкы долбоорго ылайык курулбай жатат. Буга чейин жолдун жалпы кеңдиги 22 метр болгон болсо, учурда 8 метрге кыскарып кеткен. Буга айрым үйлөрдүн кызыл чектен ашып кеткендиги себеп деп жатышат. Жолдун курулуш долбоору боюнча буга чейин жергиликтүү бийликке да кайрылып көрүшкөнүн кабарлашты. Бирок андан майнап чыкпай, эми өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, айылдагы мына ушуга окшогон маселерди көзөмөлгө алып берүүнү өтүнүп жатышат. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз

Смотрите также