Аялын саткандар…
Өзүнүн никесиндеги аялын базарга алып барып саткандар тууралуу уктуңуз беле? Ооба, жаңылыш уккан жоксуз! Кадимкидей эле аялын сатып жиберүү адаты тууралуу айтып атабыз. Жок, бул 1-2 жолу эле болгон окуя эмес, тескерисинче жүз жылдар бою кармалып келген салт, адат болгон. Элестетип көрүңүз, сиз “Ким миллионер болгусу келет?” деген оюнга катышып атасыз. Сизге “Аялын базарга алып барып сатуу салты кайсы өлкөдө болгон?” деген суроо берилди. Жооптору: А) Чад, Б) Индонезия, В) Йемен, Г) Англия болду. Сиз кайсынысын тандамаксыз? Албетте көпчүлүгү же Африка өлкөлөрүн, же Азия өлкөлөрүн тандамак. Эмне үчүн? Себеби аялдын укугу эң көп кордолгон өлкөлөр дал ушул өлкөлөр деген туура эмес түшүнүк бар. Туура жооп кайсы?