Бишкектеги жер тилкелер эмнеге мынча кымбат?
Бишкекте жердин да, үйлөрдүн да баалары асман чапчып кетти. Айрыкча борбор калаанын түштүк тарабында баалар кымбаттагандан кымбаттап жатат. Адистердин айтымында, жердин кымбаттатыгына бир нече жагдай таасир этет. Анын ичинде үй салганга жердин аздыгы, жайгашкан аймагы, экологиялык абалы жана суроо-талап. Суроо-талап болгон сайын баалар да ордунда турбайт.