КЛИП || ЖАШОО КӨКТӨМҮ || Түмөнбай Колдошов #rek
ЖАШОО КӨКТӨМҮ Сөзү Каныбек Исаков, Мелис Маматжанов Обону Түмөнбай Колдошов Бул жашоодо жаза баспадым, Жанымды жеп, жалган айтпадым. Тоскоолдуктар тоодой тоссо да, Ак жолумдан бирок кайтпадым. Сындыргысы келди - сынбадым, Чөктүргүсү келди - чөкпөдүм. Бурганактар бетке урса да, Күтүп келдим жашоо көктөмүн. Ушак сөздөр уулап дилимди, Көралбастар тосту Күнүмдү. Бакытымдын жолун тоссо да, Бакыт мага карап жүгүрдү. Көргөзбөдүм көздөн ыйымды, Көңүл-көчөт канча кыйылды. Коломтону өчүргөн жандар, Коломтомо келип жылынды. #love