Баатыр, аалым Ташбек датка!
Буга чейинки чыгарылыштарыбызда Кокон хандыгынын тушунда жашап өткөн баатыр, аалым, хандын милдетин аткарган шейит, молдо Алымкул аталык тууралуу азыноолак кеп кылганбыз. Дал ошол даректүү тасмабызда молдо Алымкул аталыктын оң колу, сырдашы, мүдөөлөшү болгон Ташбек Датка тууралуу да учкай кеп кылып өткөнбүз. Деги эле буга чейин “Ташбек Датка” деген ысымды уккан белеңиз. Жок албетте! Аз гана тарых сүйүүчүлөрдөн жана академиялык катмардан сырткары бул ысымды эч кимибиз уккан эмеспиз. Себеби бул ысымдар атайын жаап, жашырылып, атүгүл элдин аң сезиминен өчүрүлгөн. Анын ордуна тоталитардык режимдин диктаторлору аң сезимге сиңирилген. Мисалы Логвиненко! Бул кишинин ким болгонун, эмне иш кылганын жакшы билбесек да ысым катары аябай жакшы билебиз! Себеби анын атында Бишкектин так ортосунда көчө бар. Болбосо Логвиненко Ак-Суу жергесиндеги (Азыркы Беловодск) тоталитардык режимге каршы чыккан нечелеген жергиликтүү кыргыздарды геноцид кылып, алардын мал мүлкүн талап тоногон заалым. Бирок кыргыздын ары сыймыгы, ары сыйлыгы болгон баатыр, генерал Ташбек Датка тууралуу маалыматыбыз жок! Бүгүн дагы бир тарыхтын кара кутусуна бекитилген бейне менен таанышууга даяр болсоңуз, баштайлы!