Феминизм менен колониализмдин байланышы | Айгерим Кусайын кызы
Бул чыгарылышта алып баруучу Амир Исмаил Казакстандык фембийкеч, изилдөөчү Айгерим Кусайын кызы менен Борбор Азиядагы феминизмдин азыркы абалын жана келечегин ар тараптан талкуулайт. Айгерим аймактагы аялдардын уникалдуу тажрыйбалары, маданий жана социалдык басымдар тууралуу сөз кылып, бул көйгөйлөрдү сырттан келген аялдар ар дайым толук түшүнө бербей турганын белгилейт. Колониализм менен феминизмдин ортосундагы байланыш, орус пропагандасынын феминизмди кандайча бурмалаганын талдап, саясатта аялдардын болушунун маанисин жана анын гендердик теңчиликке кошкон салымын изилдейбиз. Мындан тышкары, биз коомдо аял укуктарын тебелеген адабий жана маданий чыгармаларга токтолуп, 8-мартты кандай белгилөө туура экени жөнүндө да ой бөлүштүк. Борбор Азиядагы феминисттик кыймылдардын туш болгон чакырыктары жана алардын келечеги тууралуу кызыктуу жана маанилүү талкууга кошулуңуздар! 00:00-1:03 Тизер. 1:04-1:26 Саламдашуу. 1:27-3:07 Орус тилин колдонуу бул кулдук ой-жүгүртүү. 3:08-5:12 Фембийкечтер жана колониализм. 5:13-9:13 Кыз ала качуу кылмыш деген берене Казакстанда жок. 9:14-11:06 Роза Отунбаева тууралуу. 11:07-15:00 Бишимбаев кейси. Фемицид. 15:01-16:31 Бийликте аялдар көбүрөөк болуу керек. 16:32-20:46 Акимдерди, саясатчылаоды окутам. 20:47-24:49 Чыгыш аялдары деген, бул биздин аялдар жөнүндө эмес. 24:50-29:24 СССР аялдарга укукту кеңири бердиби? 29:25-37:03 “Молчать женщина”-деген бул пропаганда. 37:04-46:35 8-мартты кандай белгилөө туура? 46:36-48:53 Аял укугу кагаз жүзүндө гана калып жатат. 48:54-1:02:48 Борбор Азиядагы феминизмдин келечеги. 1:02:49-1:05:20 Феминсттерди басмырлаган чыгармалар. 1:05:21-1:11:55 Аялды кордогон эркек кайдан чыгууда? 1:11:56-1:12:30 Коштошуу. #айгеримкусайынкызы #феминизм #колониализм #амирисмаил