«Беш-бармак кыргыздыкы да казактыкы да эмес» — Алия Болотхан
Бул чыгарылышта алып баруучу Амир Исмаил Казакстандык белгилүү тарыхчы жана изилдөөчү Алия Болотхан менен кызыктуу жана терең маек курду. Алар бешбармактын тарыхына кайрылып, анын казактарга же кыргыздарга тиешелүү улуттук тамак катары каралышы канчалык негиздүү экенин талкуулашты. Буга кошумча, "улуттук тамак" түшүнүгүнүн өзү тууралуу сүйлөшүп, анын ордуна тамактар көбүнчө аймактык өзгөчөлүктөргө байланыштуу экендиги тууралуу ойлорун ортого салышты. Ошондой эле, тамак-аш маданияты аркылуу колониалдык таасирлердин жана түшүнүктөрдүн кантип чагылдырылганын талдап, бул көрүнүш аймактын маданияты менен өздүгүн кандайча калыптандырганын да талкуулашты. Бул подкаст сизге тамак-ашка болгон көз карашыңызды өзгөртүп, анын артындагы тарыхый жана саясий катмарларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. #БешбармакТарыхы #АлияБолотхан #УлуттукТамак 00:00-1:00 Тизер. 1:01-1:10 Саламдашуу. 1:11-5:20 Тамак-аштардын тарыхын изилдегендер аз. 5:21-9:57 Бешбармак сөзүнүн келип чыгуусу. 9:58-12:00 Кыргыздар бешбармакты кандай даярдашат. 12:01-17:04 Казактар, татарлар, башкырлар бар эмнеге кыргыздар жок? 17:05-29:40 Тамак-аш кайсыл бир улуттук менчигиби? 29:41-35:54 Беш саусак бул кыргызча бешбармак. 35:55-40:04 Эт жана бешбармак тартуу жолдору. 40:05-44:21 "Русские пельмени, русские пирожки". 44:22-46:23 Улутчулдук же колониалдык түшүнүк? 46:24-48:29 Кайнэне-келин, бала көргөнүн жасайт. 48:29-49:41 Коштошуу. #бешбармак