Таластагы мөндүр: 600 гектар жердеги төө буурчактар талкаланганы айтылууда
Кечээ, 28-июль күнү Айтматов районунун Шекер айыл аймагына катуу мөндүр жаап, дыйкандардын төө буурчактарын талкалады. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600 гектардан ашык жердеги төө буурчактар талкаланган.