✅Ош шаарынын так ортосуна Алымбек Датканын эстелиги тургузулду
🔹Бүгүн, 26-августта Ош шаарында Алымбек Датканын эстелигин жана жаңыланган скверди, ысымы ыйгарылган көчөнү ачуу иш-чарасы өтүп, ага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алай районунун акими, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты. 🔹Иш-чара сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолуп, Алымбек Датканын доорундагы элестер чагылдырылды. Ошондой эле Алымбек Датканын тарыхта калтырган изи, кыргыз элинин биримдигин, мамлекеттин бекемдигин сактоодогу эбегейсиз орду тууралуу айтылды. 🔹Ош шаарынын мэриясы Алымбек Датканын эстелигин тургузуу менен катар айкелдин айланасындагы скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тротуарларды оңдоо иштерин да жүргүздү.