Дордойдо алдангандар: Сүйүмкандын иш Шаардык сотко жетти/7-бөлүк
Дордойдо соодагерлерди алдап кетти деп айыпталып жаткан Сүйүмкан Халботоеванын иши Бишкек шаардык сотунда каралууда. Эки ай мурда Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жашы жете элек (бирөө 4 айлык) баласын эске алып 5 жылдык пробациялык көзөмөл жазасын чегерген. Аны менен катар судья Замирбек Самиев 12 жабырлануучуга 10 млн. 843 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Эгер Сүйүмкан 6 айдын аралыгында карызын кайтарбаса өкүмдүн шартын бузду деп 7 жылга камалмак. Бул өкүмгө макул болбой Сүйүмкан Халботоева шаардык сотко даттанып, өзүн толук актап берүүнү суранган. Ага уда эле жабырлануучулар да даттанып, айыпкерди абакка отургузууну өтүнгөн. Кийинки сот отуруму 10-октябрга коюлду.