Кечки радио эфир | 2.10.2025 | Израил Газага жардам жеткирип бараткан кемелерди токтотту
Израилдин аскер-деңиз флотунун кемелери Газага жардам жеткиребиз деген ураан менен жолго чыккан активисттердин бир нече кемесин токтотконун 1-октябрдын кечинде өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аларга зыян келтирилген жок, ичиндеги адамдар израилдик портторго жеткирилди. Кармалгандар арасында швециялык экоактивист Грета Тунберг да бар экени белгилүү болду. Израил бийлиги "Грета жана анын достору коопсуздукта, аман-соо" деп билдирди. #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus