G
enby!

Кыргызстан өлүм жазасын киргизеби? | Жаңылыктар | 1.10.2025

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Ал жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу маселесин көтөрдү. Украинада Орусия оккупациялаган Запорожье атомдук станциясында абал курчуду. Орус аскерлеринин аткылоосунан улам, жети күндөн бери станциянын электр зымдарын калыбына келтирүү мүмкүн болбой жатат. Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушууга тийиш деп кайталады. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен эки тараптан алмашкан үйлөрдү өткөрүү жараяны башталды. Тажикстандан кыргыз тарапка өтө турган 190дон ашык турак-үйдүн кырк беши өткөрүлүп, тажик тарапка Көк-Терек айылындагы 17 үйдү өткөрүү жүрүп жатат. #өлүмжазасы #бүгүназаттыкта #жапаров _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также