САГА — Аккыз Абазбекова | Улуу Мурас #4
Сөзү: Нурак Абдырахманов Обону: Нурак Абдырахманов Аткаруучу: Аккыз Абазбекова Жан дүйнөмдү үмүткө термей, кыялга термей, Сага, сага санаалар сансыз агылат селдей. Карап, карап, карегим талып издесем да, Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей. Карап, карап, карегим талып издесем да, Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей. Өзүң үчүн нур чачкым келет асманда күндөй, Өмур бою өзүң деп ырдайм чарчоону билбей. Жан жыргатып жарыгын чачып күлүп турчу, Ансыз менин өмүрүм түндөй, көңүлүм түндөй. Жан жыргатып жарыгын чачып күлүп турчу, Ансыз менин өмүрүм түндөй, көңүлүм түндөй. Айдың көлдү айланып учкан айдарым желдей, Сендей жанга көз арткан көптүр, эч тынчтык бербей. Ишен, жаным, абайла, жаным, ким болсо да, Чын баркыңды биле албас мендей, сүйө албас мендей. Ишен, жаным, абайла, жаным, ким болсо да, Чын баркыңды биле албас мендей, сүйө албас мендей. Карап, карап, карегим талып издесем да, Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей. #сага #аккыз #комуз #жандууүн #кыргызстан #айтыш #керемет #кыргызстан #музыка #komuz #сүйүүыры #rek
Смотрите также
