КӨК СУЛУУ — Кулмат Сыдыков, Самат Көчөрбаев | Улуу Мурас #22
Сөзү: Жеңижок Обонун иштеп чыккан: Замирбек Үсөнбаев Аткаруучулар: Кулмат Сыдыков, Самат Көчөрбаев Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демиге. Адамды мынча күйгүзбөй, Айттырбай билсең эмине, Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйкыртпай билсең энине?