Капысынан болгон кош бойлуулук
🎧 «Биринчи байлык — ден соолук» подкастынын бул чыгарылышында Клиника Авиценнанын тажрыйбалуу гинекологу Элнура Таштемирова менен кош бойлуулукту пландаштыруунун мааниси, күтүлбөгөн кош бойлуулукта аялдарды кандай чечимдер күтөт, жана аборт тууралуу медициналык жана моралдык көз караштарды талкуулайбыз. Биз төмөнкү суроолорго жооп издейбиз: Эмне үчүн пландалбаган кош бойлуулук көп кездешет? Аборт деген эмне, ал кандай ыкмалар менен жасалат? Ден соолукка кандай таасири болушу мүмкүн? Жаш кыздар жана аялдар кантип алдын ала даяр болушу керек? Бул эпизод ар бир аял үчүн маанилүү. Жашыруун суроолорго ачык жоопторду угуп, өз келечегиңизди ишенимдүү пландаштырууга жардам алыңыз. 📍 Ойлонуп чечим кабыл алуу — ден соолукту сактоонун башаты.