«Өзү өлгөн эмес»: Кара-Кулжанын тургуну кызынын өлүмүнө бирөөлөрдүн тиешеси бардыгын айтты
Кызым өзү сууга чөгүп кеткен эмес, анын өлүмүндө бирөөлөрдүн колу барына ишенем. Бул тууралуу бүгүн, 20-август күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Венера Абышова билдирди. Анын айтымында, кызы – Мээрим Эркинбекова 2023-жылдын май айында өзү жашган жатаканасынан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, бир нече күндөн кийин сөөгүн мейитканадан тапкан. «Кызым Ош шаарындагы колледждердин биринде окуйт болчу. 2023-жылдын 9-май күнү түнкү саат 21:30да чыгып кеткен боюнча кайрылып келбептир. Мага эртеси – 10-май күнү түштөн кийин эжекеси чалды: «Келиңиз, апасы болот экенсиз»,- деп. Келсем кызым жатаканада нчыккан боюнча кайта келбептир. Көрсө өзүнүн тайпалашы – бала кызымды чакырып, «мен саат 24төрдө келем, ага чейин ошолор менен болуп тур» деген экен. Ошону менен кызым ошол балдар-кыздар менен машинада отуруп алып, Төлөйкөн каналына барып, кайра келип жүрө беришкен экен. Анан эле жатаканасына кайтпай калган. Аны менен жүргөн кыздар-балдар, «Төлөйкөн айылындагы каналдын жанындагы контейнердин артына өтүп кеткен боюнча жок» дешкен. Бул иш боюнча Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз жазгам. Бирок милициялар, «кылмыштын курамы жок» деп ишти жаап коюшту. Кызымдын мурда курбу-досу болчу экен. Ал, «Россияга кел, иштейбиз» деп жүрчү экен. Анда кызым 18ге чыга элек болчу. «Сен барбайсың» деп жөнөтпөй койгонбуз. Ошондон кийин эле ал кыз коркутуп жүргөн экен. Азыр ал кыз качып жүрөт, бул ишке да тиешеси бар. Ошону алып келип, мени менен беттештиришсе жакшы болмок эле. Бул иш боюнча кимдерге кайрылган жокмун. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Андыктан, урматтуу президенттибиз Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылам, жардамб ериңиздер»,- деди ал.