G
enby!

"Кен керекпи же эл керекпи?" Айылды чуу түшүргөн "Кыргыз көмүр"/ Чоң-Алай району

Кара-Кабак айылы Чоң-Алай районунда эң алгачкы түзүлгөн тарыхы бай калктуу конуш. Бул жерде миңге чукул адам жашайт. Калктын 90 пайызы мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Бирок, алар 2023-жылдан бери убайымга түшүп, санаасы тынч эмес. Анткени “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы кытайлык компания менен келишим түзүп, айылдын так өзүнөн, мал жайган жана чөп оргон жерлерин кошуп көмүр казууга камынып келген. Буга нараазы болгон эл жергиликтүү бийликтен тарта президентке чейин кат жөнөтүптүр. Аны менен катар эле ачык кайрылуу жасап, "үнүбүздү жогорку бийлик органдарына жеткирип бер" деп суранышты.

Смотрите также