G
enby!

Кейпи кеткен үй, жылыбаган жылуулук, берилбеген техпаспорт/ "Аалам стройго" арызданышты

"Аалам строй" компаниясынын "Жал ордо" турак жай комплексинде жашаган кээ бир тургундар арызданышты. Алар компания жылыбаган жылуулукка 50-100 миң сом эсептеп, "аны төлөбөсөңөр техпаспорт" бербейбиз" деп айласын кетирип жатканын айтышты. Жашоочулар "эгер үйдү жылытса мейли эле, жок эле нерсеге эмнеге төлөйбүз" деп нааразы. Ага көнбөгөн "Аалам строй" үйдү бошотуп коюшун талап кылып айрымдарын сотко бериптир. Деген менен компания өз милдеттерин толук аткарган эмес. 2017-жылы эксплуатацияга берилет деп коюп, бирок 2024-жылы араң документин бүтүргөн. Убадалаган газды киргизип берген эмес. Бат эле турак жайдын кейпи кетип, кээ бир жерлери жасалбай турат. Айтылган дооматтар боюнча “Аалам стройдун” пикирин алууга мүмкүн болгон жок. Жетекчилиги ортого киши салып “материалды чыгарбай эле койсун, сүйлөшөлү” деген салам дубайын айттырыптыр. Анын салам-дубайын артка кайтарып, жөн гана жооп берип коюшун сурадык. Анан компаниянын Тилек аттуу кызматкери чалып, “документтерди өзүңүзгө эле көрсөтүп, чындыгыбызды айталы, чыгарбай эле коюңуз” деди. Мындай аракеттеринен майнап чыкпаган соң “бүгүн-эртең жооп беребиз” деп убакытты созо беришти. Ошентип бир жумадай күттүк, акыры алардын пикири жок чыгарууга аргасыз болдук. “Аалам строй” компаниясы мындан кийин да жооп берем деген болсо, аянтча берүүгө даярбыз.

Смотрите также