Мамат Сабыров | Кек | аудио китеп
Кыргыз мамлекеттүүгүнүн күнүн белгилеп жатканда элдин эл бойдон сакталып калышы үчүн күрөшкөндөрдү унутпаган оң. Учурунда империянын, кийин кеңештин колониясында болуп, ондогон жылдар бою тилин, динин сактаганга аракет кылып келген элдин тарыхында азырга чейин толук саясий баасын албаган тактар бар. “Басмачылар” жөнүндө кечээ эле баарыбызга мектепте кылмышкерлерди сүрөттөп, балдарды коркутуп келишкени маалым. Бүгүн аларга башкача карай баштадык. Аңдап, билип, үйрөнө баштадык. Жазуучу Мамат Сабыровдун “Кек” аңгемеси ошондон бир чымчым баян этет экен. Бир корбашынын баяны. Андай ондогон баатырдын окуясы азырга чейин айтыла элек. Угуп, бааңызды бериңиз, угарманым. Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен! Мамат Сабыровдун башка чыгармаларын да угуңуз: • Мамат Сабыров | Айганыш | аудио китеп • Мамат Сабыров | Арзыкан | аудио китеп • Мамат Сабыров | Кампа | аңгеме | аудио китеп • Мамат Сабыров | Суубашы | Аудио китеп • Мамат Сабыров | Пешенесине ат тепкен | ауд... • Мамат Сабыров | Бороондо буюккандар | ауди...