ЭЖЕСИНЕ 11, ИНИСИНЕ 18 ЖОЛУ БЫЧАК УРГАН
ИИМдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Тактап айтканда, 2025-жылдын 3 - октябрь күнү болжол менен саат 03:28 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, белгисиз эркек киши үйгө кирип, үй ээсине бычак менен жаракат келтирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук каттоо журналына каттылып, окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам - тергөө тобу барган учурда, аталган үйдүн ичинен 1991-жылы туулган И. у.Э. жана анын бир тууган эжеси 1987-жылы туулган Б.А.нын жансыз денелери табылган. Ал эми, окуя болгон жерди кароо учурунда далил буюмдар, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен ири суммадагы акча каражаты табылып, алынган. Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "адам өлтүрүү" менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматка ылайык, судмедэксперттер менен кароо учурунда маркум И.у.Эге 18 жолу, ал эми анын бир тууган эжеси Б.А.га 11 жолу бычак сайылгандыгы маалым болгон.