G
enby!

Кечки радио эфир | 9.10.2025

Орусиянын аскердик күчтөрү 9-октябрга караган түнү Украинанын аймактарын дрон менен аткылоону улантып, Одесса облусунун Черноморск шаарына сокку урду. Маалыматка караганда, порт жана энергетикалык инфраструктура жабыркаган, согуш башталганга чейин 57 миң тургуну бар шаар электр жарыгысыз калган. Аймактык аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдиргендей, аба чабуулунун кесепетинен, баштапык маалымат боюнча, беш киши жабыркаган. Черноморск шаарынын башчысы энергетикалык объектилерди калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Украин армиясы 9-октябрдын таңында билдиргендей, өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына жалпы 112 дрон учурган. Алардын 22си бутага тийгени кабарланды. Ал эми Орусия тараптан Волгоград облусунун Котово шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго украиналык дрондор менен сокку урулганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик “күйүүчү май-энергетикалык комплекстин аймагында өрт тутанганын” билдирген. #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus______________...
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также