Акын жандуу ырдады | САГЫНАМ — Акматбек Султан уулу | Улуу Мурас #11
Сөзү: Муса Баетов Обону: Муса Баетов Аткаруучу: Акматбек Султан уулу Сагынам гана сени, о-о, ойлонуп, Самадым гана эстеп, о-у, кадырың. Кайсы эле гана күнү, ай, өчүрөм, Жүрөктүн гана күйгөн, о-о, и-й, а-й, жалынын, А-и, жалынын. Аттандым гана алыс, о-о, эртеси, Алтыным гана мында, а-у, келсечи. Айылында гана жүрөт, ай, булбулу, Акындын гана сүйгөн, о-о, и-и, а-а, эркеси, А-и, эркеси. Айтайын гана тилим, а-у, сайратып, Ашкере гана ичти, а-а, кайнатып. Алтыным гана аман, ай, бар бекен, Аркардай гана көзүң, о-у, и-и, а-а, жайнатып, А-и, жайнатып.