G
enby!

«Срочно күзгө чейин үйлөнөсүң»: Камчыбек Ташиев 34 жаштагы аскерине тапшырма койду

23-июнь күнү Баткен шаарындагы №2053 аскер бөлүгүндө жаңы аскердик шаарча ачылып, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ачылыш азем учурунда ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жараат алган аскерлерге турак жай жана жумуш убада кылып, айрымдарын тез арада үйлөнүүгө да үндөдү. Жарадар болгон аскерлердин бири — Нарын шаарынын 34 жаштагы тургуну Жаныбек Наматов, мурда «Бөрү» атайын багыттагы отрядда кызмат өтөгөн. Ал 2022-жылы Ак-Сай аймагында болгон чек ара чырында буту жана колунан жаракат алып, контузия болгон. Учурда ден соолугуна байланыштуу иштей албайт. «2020-жылдан бери Баткенде кызмат өтөп келем. 2022-жылы уруш учурунда бутумдагы сөөк 8 сантиметрге чейин чачырап кетип, эки жолу операция жасалды. Азыр эч жерде иштей албайм», — деди Наматов. Камчыбек Ташиев ага Бишкек шаарындагы ипотекалык үйлөрдөн кезексиз батир берилерин билдирип, жумушка орноштурарын айтып, тамаша-чыны аралаш: «Срочно үйлөнөсүң. Үй алып берсек, күзгө чейин үйлөнөсүңбү?» - деп кайрылды. Мындан тышкары, жарадар болгон дагы бир аскер — Ош шаарынын тургуну Исламидин Кубанычбек уулуна да жардам көрсөтүлө турганын Ташиев айтып, Ош шаарындагы ипотекалык үйлөрдөн кезексиз батир берилерин айтты. Иш-чара учурунда УКМК төрагасы аскерлердин эрдиги баа жеткис экенин белгилеп, мамлекет аларды дайыма колдой турганын баса белгиледи.

Смотрите также