«Тамандарым жарылып кетти деди»: «Ош-Тазалык» жетекчисинин кызматтан кетүүсү боюнча мэр үн катты
Жакында дайындалган «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нургазы Акматов өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 15-августта эртең менен өткөрүлгөн рейд учурунда билдирди. Анын айтымында, Акматов таңкы жана кечки рейддерге чыга албагандыктан арыз жазган. «Нургазы арызын жазып кетти. “Мен иштей албайм, кыйналып кеттим. Эртең менен кечке мен жүрө албайм” дейт. Кабинетте отуруп, назик болуп калган экен. Биз көчөнүн кишилерибиз, ал болсо кабинеттин кишиси. “Иштей албайм, кыйналып кеттим, тамандарым жарылып кетти” деди», - дейт калаа башчысы. Учурда «Ош-Тазалык» ишканасынын орун басары Жылдыз Тилебаев жетекчиликке 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды. Жылдыз Тилебаевдин айтымында, акыркы убакта ишканадан 11 кызматкер жумуштан кеткен. Ош шаардык мэриясы дүйшөмбүдөн тарта атайын комиссия түзүп, коммерциялык жана башка тазалык объекттеринин санын аныктайт, «Ош-Тазалык» менен түзүлгөн келишимдерди карап чыгат жана таштанды үчүн ай сайын төлөнүп жаткан каражаттын көлөмүн текшерет. Калаа башчысы мыйзамсыз каражат уурдоо фактылары аныкталса, жоопкерчилик катаал болорун эскертти.