G
enby!

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү кеңейтүү

Үчүнчү Курултайда Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнү кеңейтүү маселелси көтөрүлгөн. 2025-жылдын август айында курулуш иштери башталып, бүгүнкү күндө, узундугу 24 метрди түзгөн устундар жана төрт тарабына атайын түтүктөр үчүн шакекчелер орнотулууда. Көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди, ал эми эки көпүрө биригип узундугу 70 метрди түзөт. Унаа кыймылы үчүн төрт тилке жана жолдун эки четине 3 метрден тротуар жасалат. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, аталган аймакта эки көпүрө жайгашкандыктан, жалпы 22 устун орнотулушу керек. Көпүрөнүн курулушу ноябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет.

Смотрите также