Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктерин көрктөндүрүү
Урматтуу шаар тургундары! Үчүнчү Курултайда Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктерин көрктөндүрүү маселеси көтөрүлгөн. Шаардык кызматтар тарабынан Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын нуктары тазаланып, Аламүдүн дарыясынан 47 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылып, 2 миңден ашык рейс жасалды. Ал эми Ала-Арча дарыясынан 60 миңге жакын тонна, башкача айтканда, 3 миңге жакын ХОВО таштанды чыгарылды. 30 жылдан бери каралбай келген дарыялардын нуктары тазаланып, суу ташкындарынын алдын алууга, экологияны коргоого жана шаар тургундарына жагымдуу шарт түзүүгө өбөлгө болууда. Бул иштерди шаардык кызматтар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы менен биргеликте алып барышты. Азыркы учурда “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси дарыя жээктерин көрктөндүрүү долбоорлорун иштеп чыгууда.