30.09.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ
КҮТҮЛГӨНДӨН ЭРТЕ ДАЙЫНДАЛГАН ШАЙЛОО.Жогорку Кеңешке шайлоо 30-ноябрда өтөт. Жаңы эрежелерге ылайык бир шайлоочу бир талапкерге гана добуш берет; Жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык ипотека менен камсыз кылуу боюнча жаңы программа иштелип чыгат. Өкмөт бул демилге аркылуу жаш адистерди кесибине кызыктырып, турак жай менен камсыздоону көздөйт; 1-октябрдан тарта көмүрдүн баасы убактылуу мамлекеттик көзөмөлгө алынат. Мындай буйрук көмүрдүн бааларын негизсиз көтөрүлүшүн алдын алып, калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган; Ысык-Көлдө изделип жаткан 17 жаштагы кыз зордукталып, өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Кеминден табылды; Ош шаарында 9 айда жалпы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүч, буга чейин 10 жылда жасалган жолдон эки эсе көп экени маалымдалат. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion