G
enby!

Бишкекте опузалап акча талап кылуу жана күчтүү дары-дармектерди сатуу менен алектенгендер кармалды

Бишкекте опузалап акча талап кылуу жана күчтүү дары-дармектерди сатуу менен алектенген адамдардын тобу кармалды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына борбор калаанын тургунун кадырын кетирген видеоматериалдарды таратам деп, коркутуу жолу менен 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1992-жылы туулган К.М. жана 1993-жылы туулган Ж. Р. кармалган. Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди таратууга катыштыгы аныкталды. Жыйынтыгында К.М. жана Ж.Р.дин : 2003 - жылы туулган Б.А. жана 1994-жылы туулган М.Ж. аттуу шериктери кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Белгиленгендей, Б.А. борбордо жана Чүй облусунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүү жана андан ары жайылтуу менен алектенген. М.Ж. жана Р.Ж. алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүн ишке ашырышкан. Кармалгандардан 400гө жакын жогорку активдүү дары-дармектер алынды. Кылмышка шектүүлөр КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. ИИМдин Басма сөз кызматы

Смотрите также