Дүйнөдөгү эң чоң мөңгүлөр жана алардын азыркы абалы "Дүйнө бойлой" көрсөтүүсүндө.
Заманбап мөңгүлөр формасы жана көлөмү боюнча бири биринен абдан айырмаланып турат. Түбөлүк муз катмары Антарктиданын бардык, Гренландиянын 75% аймагын ээлейт. Муз капкактарынын аянты бир нече миң чарчы километрге чейин жетет. Рельефтин байыртадан берки калыптануу тарыхында жана азыркы кездеги жүрүп жаткан ар кандай жаратылыш процесстеринде мөңгүлөрдүн мааниси зор. “Дүйнө бойлой” көрсөтүүсүндө жер планетасындагы эн чоң түбөлүк муздар менен мөңгүлөр тууралуу айтып беребиз.