Климат: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот (даректүү тасма)
Советтер Союзунун Илимдер Академиясы 1940-70-жылдары Борбор Азиядагы мөңгү системасын изилдеп, 1976-жылы 22 томдон турган мөңгүлөрдүн каталогун жарыялаган. Анда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8076 чарчы чакырым деп көрсөтүлгөн. Тизме 2013-жылдан кийин гана жаңырып, соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду. Гляциологдор дагы 50 жылда майда мөңгүлөр жоголуп, чөлкөмдө кургакчылык болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. _________________________________________ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - / / Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus