ТАШИЕВДИН КӨЛӨКӨСҮ. УКМК ТӨРАГАСЫНЫН ДОСТОРУ «КЕЛЕЧЕКТЕН» КАНТИП ПАЙДА КӨРГҮСҮ КЕЛДИ
«Келечек» базарынын соодагерлерин мажбурлап көчүрүп жаткан Оштун четиндеги жаңы базардын курулушуна УКМК төрагасынын инисинин досунун тиешеси бар. Кыязы, «Келечекти» тартып алып, көп кабаттуу үйлөр салынат окшойт: Камчыбек Ташиев менен базардын ээсинин ортосунда мурдатан келе жаткан чыры бар. Соодагерлердин чыгымын эч ким төлөбөйт, жаңы базардан орун сатып алууга аларда каражаттары жок, бул аз келгенсип көчкүлө деп берген орун сатуучуларга жайсыз, шаардыктарга ыңгайсыз. Натыйжада 1200 адам канча жылдык эмгегинен, балдарынын келечегинен ажырап жатат. Алар бийликтен көчүрүү чечиминен баш тартып же камынууга убакыт берүүнү суранып келишет. Бирок бул долбоорго чоңдордун акчасы кирип кеткендиктен, өзүнүн чыгымын акташ үчүн майдаларды садага чапканга даяр. Бул жерден окуса болот: http://bit.ly/458PTzB
Каналга жазылуу: / @kloop3223 Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz Instagram: / kloopkyrgyz