G
enby!

КАНЫБЕК ТУМАНБАЕВ КАЙРАДАН БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДА// Акыркы жаңылыктар

Балыкчыда 3700 батирлүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн мезгил кутусу салынды Бүгүн Балыкчы шаарында эл үчүн мааниси чоң болгон окуя орун алды — жаңы ипотекалык турак жай комплексинин пайдубалына мезгил кутусу салынды. Жалпысынан 12 кабаттуу заманбап үйлөр курулуп, 3700 үй-бүлө үчүн батир берилиши каралууда. Мунун баары — президент Садыр Нуркожоевич Жапаров баштаган саясаттын ачык көрүнүшү. Үй маселеси ар бир жаран үчүн биринчи кезектеги муктаждык. Президент дал ушул маселени мамлекеттин көңүл борборуна койду. Эл турмушунун сапатын жакшыртууга, жашоонун негиздерин бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер системалуу жүрүп жатат. Мындай чоң иштер сөз менен эмес, иш менен жасалат. Ар бир кирпич, ар бир бетондон — жоопкерчилик жана камкордук көрүнүп турат. Бул үйлөр элдин кереги үчүн салынууда. Анткени элге шарт түзмөйүн, өнүгүү болбойт. Туризм болобу, экономика болобу — баары адамдан башталат. Ал эми адамдын негизги кереги — өз үйү.

Смотрите также