G
enby!

Бишкекте эжеси менен иниси бычакталып өлтүрүлдү | Жаңылыктар | 6.10.2025

Бишкекте Ак-Ордо конушунда бир үйдөн эки адам -эжеси менен иниси өлтүрүлүп, шектүү изделип жатат. Коомчулукту нес кылган окуя боюнча Ички иштер министрлигинде тергөө тобу түзүлүп, ишти министр Улан Ниязбеков көзөмөлгө алды. Газада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планын сунуш кылган АКШнын президенти Дональд Трамп келишимдин биринчи баскычы апта аягына чейин ишке ашырылат деп үмүттөнөрүн билдирди. Кыргызстанда бийлик алмашууга алып келген 2020-жылдагы Октябрь окуясына беш жыл болду. Жогорку Кеңешке өткөн адилетсиз шайлоодон кийин эл митингге чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Андан бери эмне өзгөрдү? #бүгүназаттыкта #акордо #октябрь _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также