G
enby!

Жаңылыктар | 29.12.2023 | Рахмонго 22 мүнөт кол чабышты

Орусия Украинанын Киев, Львов, Одесса, Харьков баштаган ири шаарларына ракета, дрондор менен жапырт сокку урду. Кеминде 16 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланууда. Бир нече жыл мурда казынага ири зыян келтирди деп айыпталып, бирок чет өлкөгө чыгып кеткен экс-бажычы Нурбек Айбашев Түркияда кармалып, Бишкекке алып келингени белгилүү болду. «Озоди» радиосу Тажикстандын авторитардык лидери Эмомали Рахмондун үч сааттан ашкан жылдык кайрылуусунда залдагылар ага бери дегенде 120 жолу, жалпысынан 22 мүнөт кол чапканын эсептеп чыкты. 0:00 Башталышы 0:57 Украинанын шаарлары жапырт аткыланды 3:56 Рахмондун талкуу жараткан кайрылуусу 5:42 Мурдагы бажычы Түркиядан Кыргызстанга жеткирилди 10:39 УКМК: базарларда жылыткыч сайган соодагерлер акча төлөп келишкен 11:40 Казинолордон канча салык түштү? 12:34 Айдоочулук күбөлүктү жасагандардан сак болуу эскертилди 13:14 Кыргыз китептери түрк тилине которулду #орусия #украина #рахмон #бүгүназаттыкта _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также