КӨК-СӨӨК АЙЫЛЫ | ТАРЫХТЫН АЧЫЛБАГАН СЫРЛАРЫ
Урматтуу көрүүчүлөр! Биз сиздерге сунуштап жаткан Көк-Сөөк айылы тууралуу чыгарылыш — бул жөн гана тарыхий баяндама эмес, бул — өткөндү бүгүн менен байланыштырган, ата-бабалардын изин эске салган изилдөө багытындагы материал. Бул жер тууралуу ар кандай пикирлер, уламыштар, эл оозунда айтылып жүргөн тарыхый уламалар бар. Айрымдар бул жердин аты "Кудук-Сай жана "Көк-Сөөк" деген эки башка аймактан турган деп айтышат. Айрымдары "Кудук-Сай" деп аташат. Дал ушул көп түрдүүлүк суроолорду жаратты, жана биз ошол суроолорго жооп табууга жем таштадык. Биздин максат — так изилдөө жүргүзүп, АР КИМ АЙТКАН ПИКИРДИ ЭМЕС , элдин эсинде сакталган баяндарды, жергиликтүү тургундардын, ак сакалдардын айткандарын камтып, келечек муунга кымбат баалуу тарых калтыруу. Ушул себептен улам, сиздерден дагы ой-пикир, маалымат, сунуш күтөт элек. Эгерде сизде бул аймак тууралуу кошумча маалымат, тарыхый баян, сүрөт же эскерүү болсо, биз менен бөлүшүңүз. Балким сиздин билимиңиз, эскерүүңүз дагы чоң ачылышка себепчи болуп калышы мүмкүн.