G
enby!

Өзгөчө балдар өгөйлөнүп жатабы? Ата-энелердин арызы, "Евразия" паркынын жообу

Бизге бир нече ата-эне кайрылып, синдром даун жана аутизми бар балдарын "Евразия" паркында аттракциондорго киргизбей жатканын айтышты. Алар буга чейин эч бир паркта мындай чектөө болбогонун белгилеп, муну дискриминация деп эсептешет. "Балабызыдын ден соолугу биринче кезекте бизге керек. Экстремалдуу аттракциондорго түшпөйбүз ансыз деле. Жай айланга каруселге кармап отурайын, батутка ойнотоюн десек да болбой чыгарып салышты", — деп арызданышты ата-энелер. Ал эми парктын директору мындай чектөө коопсуздукту сактоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында киргизилгенин айтууда. Бул боюнча өкмөттүн токтому да бар экенин билдирди. "Өзгөчө балдар парктын ичинде цирк көрүп, лабиринтке кирип, ойноочу аянчаларда жүрө алышат. Биздеги аттракциондор андай категориядагы балдаргы ылайыкталган эмес", — деди Каныбек Жуманбаев. Ал арада юрист Алия Турумбекова "Евразия" паркынын үстүнөн прокуратурага арыз жазышканын билдирди. Анткени мындай чектөө Конституциянын 24-беренесине каршы келерин белгиледи. "Муну социалдык парк деп ачкандан кийин баарына тең карашы керек да. Оорулуу эмес бала ойносун, оорулуу бала кирбесин деп бөлгөндөн көрө паркты жаап эле салсын. Эмне кереги бар андайдын", — деди юрист.

Смотрите также