G
enby!

Кыздарга ысым тандоо. Мусулманча Кыргызча Кыздарга ат кою. А тамгасы 2-бөлүм

Кыргыздар арасында элдеги жакшы адамдардын, атактуу баатырлардын, журт башылардын атын да балдарга берүү салты кеңири тараган. Мисалы, Курманбек, Курманжан, Шабдан, Балбай ж.б. Кыздарга сулуу болсун, акылдуу болсун деген ниетте Айсулуу, Айпери, Акылай, Чолпонай, Акчолпон деген сыяктуу аттар берилген. Бала энесинин ичинде жатып ыйлаган болсо, анын ысымы өзү менен кошо берилди деп Маширап, Шарийпа, Шарип, Мамашарип дегендей аттарды койгон. Бала төрөлгөндө тиши менен туулса, ага Бөрү, Бөрүбай, Бөрүкыз дегендей аттар берилген, эгер андай ысым коюлбаса, өзүнөн кийинкилерди «жеп коёт» (төрөлбөй калат), же бир кырсыкка учуратат дешкен. Бала төрөлгөндө бир мүчөсү толук болбой калса ага Нышан, Нышанбай дегендей ысымдарды койгон. Бала төрөлгөндө бир мүчөсү ашык болуп төрөлсө Артык, Артыкбай, Артыгаалы сыяктуу аттарды коюшкан

Смотрите также