ЭДИЛ БАЙСАЛОВ АНТИ-КЫТАЙЛЫК МААНАЙ ЖАСАЛМА КҮЧӨТҮЛҮП ЖАТАТ || Жанылыктар 17.11.2025
Атамбаев Жапаров кайым-айтышуусу кайрадан уланууда, президенттер бири-бирин сындоо, болуп өткөн таарынычтарын эске салууга өтүштү. Байсалов өлкөдөгү анти-кытайлык маанайлар боюнча үн катып ына ар кандай күчтөр козутуп жаткандыгын айтты. Мэрлер президенттин интервьюсунан кийин жумшарып калганы байкалды. Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери жолугушту. Бул жолугушуулар региондун Кремлсиз иштөөсүн көрсөткөн иш-чаралардан болуп саналат. 🔸 Атамбаев Жапаровго кайра сокку уруп, энергокризистин тамырын Бакиевден баштап, бүгүнкү күнгө чейин чубап, “майнинг досторду” эскертип чыкты; 🔸 Жапаров тарап да жоопсуз калбай, энергетикадагы карыздарды санап, Атамбаевдин доорун “коррупциялык долбоорлордун фабрикасы” деп атады; 🔸 Кыргыз-кытай айдоочуларынын мушташы соцтармакты жардырып, өлкөдө анти-кытайлык толкун кайра күчөдү — бийлик болсо “чагымчыларга ишенбегиле” деп тынчтандырганга өттү; 🔸 Мэрлер тез арада “жумшарып”, президенттин интервьюсунан кийин Киевский стильден дипломатияга өтүп, “биз эч кимди жапкан эмеспиз” деп актанууга кирди; 🔸 Журналист Канышай Мамыркулованын ишинде шаардык сот өтүнүчтөрдү четке кагып, кийинки отурумду декабрга жылдырды — сөз эркиндиги темасы кайра күн тартибинде; 🔸 Ташкенттеги Борбор Азия саммитинде лидерлер интеграцияны, инвестицияны, коопсуздукту сүйлөп, беш документке кол койду — бирок чыныгы маселелерди камера артында калтыргандай; 🔸 БУУ дагы бир жолу эскертип, Махабат Тажибек кызынын ишинде Кыргызстанды мыйзамсыз кармоо жана медиаларды кысымга алуу боюнча катуу сынга алды; #Кыргызстан #Жаңылыктар #Саясат #Жапаров #Атамбаев #Энергокризис #МедиаЭркиндиги #МахабатТажибеккызы #СотТутуму --------------------------------------------------------------------- Тандыр Медиа орусча: / @tandyrmedia Инстаграм : / tandyr.media Телеграм: https://t.me/tandyr_media
Патреон:https://patreon.com/tandyrmedia?utm_m...